На главную » Цитаты и афоризмы » Адамдын Асыл ойлору

Адамдын Асыл ойлору

Обложка книги  «Адамдын Асыл ойлору»

Ыйык китептер Тоорат, Забур, Инжил, Куран жана Мухаммед пайгамбардын осуяттары учкул сөз эмей эмне. Алиги касиеттүү ыйык китептеги Сулайман пайгамбардын «Накыл сөздөр», «Насаатчы китеби» азыркы күндө да, келечекте да эч убакта таасирин жоготпой турган, колдон түшпөс улуу китеп экенин баардык кы-лымдын ойчулдары жазып жана айтып келатпайбы. Бул өлбөс-өчпөс улуу китептин кээ бир касиеттүү сөздөрүн улуу жазуучулар өз китептерине баш сөз кылып алышкан.

К.Абакировдун китебинде ошол чыгармалардын шапатасы уруп турат. Бирок автор алардын таасирине жетеленип калган эмес. Кой маарап, жылкылар кошкуруп, атчан келаткан малчылардын кобур-собур үндөрү чыгып, кадимки кыргыз турмушунун элесин бе-рип, байыркы бабалардын өчпөс үндөрү угулуп турат.

Негизи «Акылдуу болуш үчүн он китепти окуп чыгуу жети-шерлик, ал эми он китепти табыш үчүн миң китеп окуш керек» – дегендей, алдыңыздарга сунула турган бул китеп окурмандардын бардык катмарына сунушталат.

Скачать книгу Адамдын Асыл ойлору:

Советуем прочитать похожую литературу

Отзывы (0)
Вам понравилось читать онлайн книгу «Адамдын Асыл ойлору»? Уделите пару минут, что бы оставить полезный отзыв другому читателю.
Добавить